"Адамдын өмүрүнө коркунуч алып келген адамга айып салбай, кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек",- деп депутат Алмамбет Шыкмаматов донордук канды сактоонун эрежелерин сактабаган кызмат адамдарын администрациялык жоопкерчиликке тартууга багытталган мыйзам долбооруна каршы чыкты. Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 3-декабрдагы отурумунда 2-окууда карап жатат. Шыкмаматов: "Туура эмес сакталган донордук канды адамга куюп жиберип, ал адамды өлүмгө чейин алып келсе, кызматтагы адамга айып пул гана салып койгонго болбойт. Аны кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек",- деген оюн айтты.
Депутат Дастан Жумабеков туура эмес канды куюп алып, андан улам адам аллергия болсо, ага айып салып коюу туура экенин айтты. "Туура эмес кан куюп алып, ал адам аллергияга учураса, кызмат адамын кылмыш жоопкерчилигине тартып жиберүү туура эмес, айып салуу керек",- деди Жумабеков.