Кыргыз делегациясы билим берүү боюнча Эстониянын тажрыйбасын үйрөнүүдө

"Мугалим даярдоодо билим берүүнүн көп тилдүүлүгү" долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын делегациясы Эстонияда жүрөт. Билим берүү жана илим министрлигинен 3-декабрда билдиришкендей, делегация аталган өлкөнүн Билим берүү министрлигинде жана Таллин шаарындагы Тил борборунда болушту.

Бүгүн Нарва колледжинин жетекчилиги жана окутуучулары менен жолугушуу болгону айтылды. Делегация мүчөлөрү 5-декабрга чейин Нарва шаарындагы мектептерди жана бала бакчаларды кыдырышат, тил үйрөтүү жана жаңы ыкмада иштөө боюнча алардын тажрыйбасын көрүшөт.

Тажрыйба топтоо үчүн сыртка чыккан курамда КРнын Президентинин аппаратынын, Билим берүү жана илим министрлигинин, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, бир катар жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү бар экени маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан