Жогорку Кеңеште “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору 1-окууда каралууда. Бул боюнча Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Шейшенкул Бакиров баяндама жасады. Анын айтымында, мыйзам долбоору аркылуу мурда аныкталган министрликтер менен ведомстволорго жүктөлгөн иш-милдеттер кайра иреттелип, өкмөткө жүктөлүүдө.