"Ошто милиция спорттук залдарды себепсиз текшерүүгө алып жатат. Милициянын башка иши жокпу?" деди депутат Сулайманов

Депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Ош шаарындагы спорттук залдарды милиция кызматкерлери себепсиз текшерүүгө алып жатышканын айтты. Эл өкүлү парламент жыйынында ички иштер министринин орун басары Курсан Асановго кайрылып, "Милициянын башка иши жокпу?" деп суроо узатты.

"Ошто спортчулар өз аракеттери менен жай таап алып, ошол жерди сырдап, машыгууларды өткөрүп жатышат. Ал эми милиция себепсиз эле катуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. Минтип отурсак бизде спорт өнүгөт деп үмүт кылбай эле коюшубуз керек. Текшерүүлөрдү токтоткула",- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан