Жогорку Кеңеш депутаттардын жардамчыларынын биринен баш тартып, анын ордуна катчылардын санын көбөйтүүгө багытталган токтом долбоорун колдогон жок

Жогорку Кеңеш 3-декабрда депутаттардын жардамчыларынын биринен баш тартып, анын ордуна катчылардын санын көбөйтүүгө багытталган токтом долбоорун колдогон жок. Токтом долбооруна каттоодон өткөн 46 депутаттын 39у "макул", 7 депутат "каршы" деп добуш берди. Сунуш кагаз жүзүндө жүргүзүлүп, Жогорку Кеңештеги 6 фракциянын лидерлеринин макулдугу берилген.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков жыйында: "Депутаттардын жардамчыларынын биринен баш тартып, анын ордуна фракциядагы катчылардын штаттык санын көбөйтүү боюнча сунушка бардык фракция лидерлери макулдук беришкен",- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан