Парламент ишкерлердин укуктарын коргоону жогорулатууга багытталган мыйзам долбоорун 1-окууда кабыл алды

Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы жыйынында депутаттар “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун 1-окууда кабыл алышты.

Мыйзам долбоору ишкерлердин укуктарын коргоону жогорулатуу, коррупциялык механизмдерди алып салуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорунда ишкердин даттануусун кароону 30 күндөн 15 күнгө кыскартуу, текшерүүлөрдүн түрлөрүн 22ден 13кө кыскартуу, текшерүүгө алчу органдын ишкердик чөйрөсүнө 10 күн мурун алдын ала кабар берүүсүн милдеттендирүү камтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан