“Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 1-окууда кабыл алды

“Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 1-окууда кабыл алды.

"Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" мыйзамда лицензияларды кармагандыгы үчүн төлөмдөрдөн суммалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетине түшө тургандыгы белгиленген. Ошону менен катар эле Кыргыз Республикасынын аймагында айылдык аймактарга жана шаарларга тиешелүү болбогон аймактарда жайгашкан пайдалуу кен чыккан жерлер бар. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоору аркылуу, эгерде лицензияланган аймак же анын бөлүгү айылдык аймактардын жана шаарлардын чегине кирбесе, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөмдөрдү республикалык бюджетке чегерүү каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан