Аксакалдар сотторунун иштеринин натыйжалуулугу жогорулатылууда

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 3-декабрда “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун 1-окууда кабыл алышты.

Мыйзам долбоору аксакалдар сотторунун иштеринин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоор аркылуу аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө карата коюлган талаптарга мыйзам менен белгиленген тартипте соттуулугу жок, алынып салынган же жоюлган жарандар шайлана алышары каралган ченемди киргизүү сунушталган.

Аксакалдар сотторунун тарбиялык маанисин арттыруу максатында аксакалдар сотунун курамына элүү жашка чыккан, калк арасында урмат-сыйга жана кадыр-баркка ээ, ишкердик жана адеп-ахлактык сапаттары боюнча аксакалдар сотторунун алдына коюлган милдеттерди аткарууга жөндөмдүү, иш кароо учурунда иштиктүү маанайда кийинүү ченемдери сунушталган.

Аксакалдар соту салган акчалай айыптардын суммасы жергиликтүү бюджетке төгүлөрү сунушталган. Ал эми аксакалдар сотторунун ишин материалдык-техникалык жактан камсыздоо жана аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн акчалай сыйлоо жергиликтүү кеңештер бекиткен тартипте жүзөгө ашырылары белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан