Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңеште депутаттардын жардамчыларынын биринен баш тартып, анын ордуна катчылардын санын көбөйтүүгө багытталган токтом долбоору эки ирет добушка коюлуп, жалпы депутаттардын колдоосуна алынган эмес. Күн тартибине киргизилген маселелер каралып бүткөн соң КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков буга чейинки добуш берүүдө 5-6 депутаттын добушу саналбай калганын айтып, токтом долбоорун кайра карап добуш берүү керектигин сунуш кылды.
Төраганын орун басары Нурбек Алимбеков сунушка макул эместигин билдирди. "Азыр залда көпчүлүк депутаттар жана 5 фракциянын лидери жок. Башка депутаттардын да оюн сыйлашыбыз керек. Анан да эки ирет добуш берүүгө коюлуп, өтпөй калды. Ошондуктан кийинки жумада карап чыгалы",- деген оюн айтты.
Чыныбай Турсунбеков кетип калган депутаттар болсо, күнөө өздөрүндө экенин белгиледи. "Токтом долбоорун кайра кайрып келүүгө регламент жол берет. Ал эми кетип калган депутаттар болсо, күнөө өздөрүндө же алардын бул кылганы фракция лидерлерин сыйлабастыгы. Себеби 5 фракциянын тең лидерлеринин колу коюлган. Ошондуктан саат 18:00гө чейин карап чыгалы",- деди.
Башка депутаттар төрага орун басары ишти туура эмес алып барып жатканын эскертишип: "Кайра добушка коюңуз, өтсө каралат, өтпөсө жок. Бул жерде добуш берүү менен чечебиз",- дешти. Нурбек Алимбеков маселе кийинки жумада карала турганын айтып, кийинки аптага чейин танапис жарыялады.