Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 3-декабрда Астана шаарында Казакстандын Парламент Мажилисинин төрагасы Кабибулла Жакыпов менен жолугушту.
Жээнбеков Кыргыз Республикасы-Казакстан байланыштарынын интенсивдүүлүгү менен тараптардын кызматташуу деңгээли өсүп жатканын белгилеп, эки өлкөнүн парламенттеринин ырааттуу кызматташтыгына жогору баасын берди. “Жогорку Кеңеш казакстандык кесиптештер менен мындан ары дагы парламенттер аралык мамилени бекемдөөгө кызыкдар”,- деген спикер 2016-жылы кыргыз өлкөсүндө өтө турган Парламенттер аралык кеңештин экинчи жыйынында талкуулана турган маселелердин күн тартибин сапаттуу иштеп чыгуу керектигин айтты.
Жээнбеков кыргыз өлкөсү Евразиялык экономикалык биримдикке киргенине карабастан, Казакстанга келген кыргызстандык мигранттар 30 күн ичинде каттоого туруу милдетинен бошотулбай жатканын да билдирди.
Кабибулла Жакыпов: “Сиз негиздүү маселелерди айттыңыз, аларды чечүү Казакстан үчүн да абадай зарыл. Кыргызстандык эмгек мигранттарынын 30 күндүк каттоосу жок Казакстандын аймагында жүрүү жагы көзөмөлгө алынат",- деди.