Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн 6 миллионунчу жараны Айлин Кожошева менен бирдей убакытта төрөлгөн 13 ымыркайдын үй-бүлөсүнө жардам катары 1 миллион 400 миң сом бөлүү тууралуу жарлыкка кол койду.
27-ноябрда 6 миллионунчу жаранды аныктаган комиссия 25-ноябрь, саат 18:00дөн 26-ноябрь, саат 06:00гө чейинки аралыкта төрөлгөн 122 ымыркайдын тизмесин президенттик аппаратка сунуштаган. Мунун ичинен 6 миллионунчу жаран төрөлгөн убакытка жакын жарыкка келген 10 ымыркай аныкталган. Мунун үчөөсү Ош облусунда, бирөөсү Ош шаарында, экөөсү Нарын, экөөсү Жалал-Абад облусунда, бири Ысык-Көл, дагы бири Баткен облусунда жарыкка келишкен ымыркайлар. 6 уул, 4 кыз.
Бишкек шаарында, Талас жана Чүй облусунда туулган ымыркайлар алдынкы ондукка киришкен эмес.
Бардык аймактан ымыркайларды тизмеге кошуу үчүн Бишкек, Талас жана Чүйдөн бирден ымыркайды тандоо сунушталган. Жыйынтыгында 6 миллионунчу жаранды эсепке алуу менен президент жалпы 14 ымыркайдын үй-бүлөсүнө жардам көрсөттү.
Аталган 14 ымыркайдын энелери:
Нурзида Ахунова - Ош облусу
Матлюба Башихтинова - Жалал-Абад облусу
Рахат Белекова - Ош шаары
Бусурман кызы Айкөкүл - Ош облусу
Каныбек кызы Махабат - Ош облусу
Кубанычбек кызы Сымбат - Ысык-Көл облусу
Наргиза Мамажанова - Ош шаары
Гүлмира Махмадшоева - Чүй облусу
Екатерина Никонова - Бишкек шаары
Тазагүл Пахырова - Баткен облусу
Рамила Токтомамбетова - Талас облусу
Нургүл Токтоназарова - Жалал-Абад облусу
Урматбек кызы Атыркүл - Нарын облусу
Чойбек кызы Назира - Нарын облусу.