Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы бүгүн, 4-декабрдагы жыйынында чет өлкөлүк валюталардын курсунун көтөрүлүп кетишинин Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык кырдаалына таасир этиши жөнүндө маселени талкууга алат. Ошондой эле бюджеттик кызматкерлердин жана социалдык жактан коргоого муктаж калк катмарларынын чет элдик валюта менен ипотекага алган кредиттерин улуттук валютага трансформациялоо жөнүндө президенттин тапшырмасы боюнча Улуттук банк жана өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чараларды талкуулашат.
"Бир бол" фракциясы да Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын курсун турукташтыруу жөнүндө маселеге токтолот.