"Жарнак жөнүндө" мыйзамдан айып пул түрүндөгү жоопкерчиликти алып салуу сунушталууда

Экономика жана өнөр жай министрлиги "Жарнак жөнүндө" мыйзамдан айып пул түрүндөгү административдик жоопкерчиликти алып салууну сунуштоодо. Мекемеден бүгүн, 4-декабрда билдиришкендей, бул боюнча жаңы мыйзам долбоору даярдалып бүттү.

"Жарнак жөнүндө" мыйзамдын 31-беренесинде монополияга каршы мамлекеттик орган мыйзамдын талаптарын бузган жарнак даярдоочуларга жана жарнак жайылтуучуларга 20 миңден 500 миң сомго чейин айып пул салууга укуктуу экени көрсөтүлгөн. Бул Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекстин жоболоруна каршы келет",- деп айтылат маалыматта.

Жогоруда аталган мыйзам менен кодекске өзгөртүү кирмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан