Бишкекте соттордун көз карандысыздыгы жана алардын тынчтыкты орнотуудагы орду талкууланууда

Бишкекте бүгүн, 4-декабрда “Соттордун көз карандысыздыгы жана алардын тынчтыкты орнотуудагы орду” аталышындагы конференция өтүүдө. Анда Өнүгүү үчүн укук боюнча эл аралык уюмдун “Данакер” диалогдук платформасынын алкагында жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыктары, соттук-укуктук системди чыңдоого жана өркүндөтүүгө тийгизген таасири талкууланып жатат.

Изилдөөнү эксперт Мадина Давлетбаева жүргүзгөн. Белгилүү болгондой, укуктун үстөмдүүлүгүн чыңдоого багытталган изилдөөнүн жыйынтыктары жогоруда аталган чөйрөдө нормативдик документтерге түзөтүүлөрү киргизүү үчүн негиз болот.

Конференцияга ЖКнын депутаттары, Жогорку Соттун өкүлдөрү, Конституциялык палатанын судьялары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан