Мигранттардан келген акчанын көлөмү 28 пайызга төмөндөп кетти

"Кыргыз Республикасында доллардын курсунун көтөрүлүп жатканына чет өлкөдө иштеген эмгек мигранттарынын таасири чоң болуп жатат". Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын 4-декабрдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, мигранттардан которулуп жаткан акчанын көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл кескин төмөндөдү.

"Ушул жылдын 10 айында мигранттардан келген акчанын көлөмү 28 пайызга түшүп кетти. Өткөн жылы 10 айда жалпы 1 миллиард 400 миң доллар которушса, быйыл 1 миллиард доллар которушту. Бул эми Орусиядагы экономикалык абалга байланыштуу болуп жатат",- деди Нурбек Жеңиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан