Президент Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрайымы Нурсулуу Ахметованы кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-декабрда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрайымы Нурсулуу Ахметованы кабыл алды. Мамлекет башчыга аталган фонд тарабынан чакан жана орто бизнести каржылоо программасынын алкагында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берген Ахметова айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүү, тоо-кен өндүрүшү тармагында 56 долбоорду фонд менен бирге иштешкен мамлекеттик банктар жактырганын айтты.

Тараптар жаңы иш орундарын түзүү, Евразиялык экономикалык биримдиктин шартында өлкөнүн экспорттук потенциалын көтөрүү тууралуу да пикир алышканын билдиришти президенттик аппараттан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан