"Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери мамлекеттик башкаруу системинин ажырагыс бөлүгүнө айланды",- деп билдирди өкмөт жетекчиси Темир Сариев бүгүн, 4-декабрда коомдук кеңештердин жылдык конференциясында.
Премьер-министр 2014-жылдын ноябрында башталган 36 мамлекеттик органга коомдук кеңештин мүчөлөрүн тандап алуу иши жыйынтыкталып калганын, 600 талапкердин ичинен 256 адам тандалып алынганын маалымдады.
“Коомдук кеңештердин институтун өнүктүрүү боюнча башталган ишти сактап калуу жана улантуу, мамлекеттик органдардын ишине байланышкан жарандык демилгелерди илгерилетүү жана талкуулоо маанилүү. Коомдук кеңештер мамлекеттик органдардын тең укуктуу өнөктөштөрү жана жардамчылары болуп калууга тийиш. Кеңештердин арасында коомдук мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуу аянтчасына айлангандары, жөн гана декоративдик орган катары кала бергендери да бар”,- деди Сариев.