Төрага Асылбек Жээнбеков жетектеген парламенттик делегация бүгүн, 4-декабрда Астана шаарында өткөн Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) VI пленардык жыйынына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын башында ТүркПАнын туруктуу төрт комиссиясынын (Айлана-чөйрө жана табигый ресурстар боюнча комиссиясы, Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясы, Экономикалык кызматташуу боюнча комиссиясы, Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясы) баяндамасы жана сунуштамасы угулду. Андан соң ТүркПАнын эл аралык байкоочулар миссиясы Түркия, Азербайжан жана Кыргыз Республикасында өткөн парламенттик шайлоолор, Казакстанда өткөн кезексиз президенттик шайлоо тууралуу баяндама жасашты.
Жыйын жүрүшүндө ТүркПАнын туруктуу комиссияларынын төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары шайланып, ТүркПАнын катчылыгынын 2016-жылга карата бюджети кабыл алынды. Белгилей кетсек, депутат Садык Шер-Нияз ТүркПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагалыгына, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков ТүркПАнын Экономикалык кызматташуу боюнча комиссиясынын төрага орун басарлыгына шайланды. Ошондой эле Астана декларациясы кабыл алынып, ТүркПАнын VII пленардык жыйынын эмдиги жылдын экинчи жарымында Кыргыз Республикасында өткөрүү чечими бир добуштан жактырылды.
ТүркПА пленардык жыйынынын жүрүшүндө төрага Асылбек Жээнбеков Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасынын орун басары Ахмет Айдын жана Венгриянын Улуттук жыйынынын төрагасынын орун басары Марта Матраи менен жолугушту. Жээнбеков Ахмет Айдын менен мамлекеттер, анын ичинде парламенттер аралык кызматташуунун тегерегинде ой бөлүштү.
Жээнбеков вице-спикер Марта Матраи менен болгон баарлашууда Кыргыз Республикасы парламенттик демократиясы өнүккөн мамлекеттер менен тажрыйба алмашып, тыгыз кызматташууга дилгир экенин билдирди. Өзгөчө Венгрия парламенттик демократия аркылуу акыркы 25 жылдан бери өнүгүп келе жатканын канааттануу менен белгиледи. Ал эми Марта Матраи Улуттук жыйындын төрагасынын атынан Венгрияга расмий сапар менен келип кетүүнү сунуштады. Кыргыз парламентинин жетекчиси чакырууну кабыл алып, Венгрия парламентинин жетекчилигин да кыргыз жерине расмий сапар менен келишин күтө турганын билдирди.
Тараптар парламенттер ортосундагы түзүлгөн достук тобунун деңгээлинде кызматташууну жигердүү өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын туризм чөйрөсүндөгү потенциалын пайдалануу жаатында пикир алышты.