Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Султанов депутаттык мандатынан ажыратылды. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 4-декабрдагы жыйынында кабыл алынганын БШК мүчөсү Жеңиш Акматов SUPER.KG'ге билдирди.
Маалым болгондой, Султанов депутаттыктан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазган. "Мени мандатымдан ажыратып койгула" деп арыз жазган экен, биз өтүнүчүн канааттандырып бердик",- деди Акматов.
Акылбек Султанов Жогорку Кеңешке КСДП фракциясынан депутат болуп келген.