Алтынбек Сулайманов "Эл бүгүн насыяларын, карыздарын кантип жабат?” деп өкмөт өкүлдөрүн катуу сынга алды

Бүгүн, 4-декабрда “Бир бол” фракциясынын алгачкы жыйыны болуп, анда Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын курсун турукташтыруу жөнүндө маселе каралды. Учурдагы доллардын өсүшүнө карата сатып алууларды, керектөөчү насыяларды сомго өткөрүү чаралары тууралуу депутаттарга Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш жана экономика министри Арзыбек Кожошев, каржы министринин орун басары Улукбек Карымшаков маалымат беришти.

Фракциянын жетекчиси Алтынбек Сулайманов улуттук валютанын курсунун бүгүнкү абалы, экономикага тийгизген терс таасирлерине токтолду. “Жылдын башында 1 доллар 58 сом болсо, бир жыл ичинде 20 сомго көтөрүлдү. Силердин билдиргениңер боюнча, бир адистин эле жасаган ишинен улам ушундай абал пайда болду. Бул маселе боюнча жоопкерчиликти ким алат? Сиз айттыңыз, машиналарды сом менен алып-сатуу боюнча. Бажы биримдигине киребиз дегендин астында биздин элибиз машиналар кымбаттайт деген ой менен насыя, карыз алып, эксперттердин айтканына таянсак, 2 миллиард доллар сыртка чыгып кетти. Ошол учурда, Экономика министрлиги, миллиарддаган акчалар чет жакка чыгып кетип жатканда элге айткан жоксуңар да. Себеби бажы растаможкасынан бюджетке түшкөн каражат силер үчүн керек болду, элди ойлогон жоксуңар. Бажы биримдигине киргендеги тобокелчиликтер тууралуу мамлекеттик деңгээлде саясат, түшүндүрүү иштери жүргөн жок. "Токтом чыгардык" деп жатасыңар, эмне, ар бир үйгө токтомду таратып бересиңерби? Эл бүгүн насыяларын, карыздарын кантип жабат?”- деди Сулайманов.

Депутат Акылбек Жапаров да: “Сомдун курсунун түшүшү экономикага жана элдин сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүнө терс таасирин тийгизип жатат. Бул күтүлбөстүк болдубу? Жок. Сомдун курсунун түшөрүн бир нече объективдүү факторлор көрсөтүп келген. Өкмөт менен Улуттук банк биргеликте макулдашылган алдын алуу чараларын иштеп чыгууга милдеттүү болчу, бирок учурунда чара көрө алышкан жок. Сомдун курсунун түшүшүнө кандай себептер болгону боюнча элдин алдында Жогорку Кеңеш, өкмөт жана Улуттук банк жооп берет",- деп айтты.

Жапаров өз сөзүндө бюджеттин дефицит бөлүгү жыл сайын өсүп отуруп, 2015-жылы 22 миллиардга чейин өсүп жатканын, мамлекеттеги натыйжасыз чыгымдарды азайтып, ошолордун эсебинен пенсия, жөлөк пулдар көбөйтүлсө, элдин сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңеерин айтып, сунуштарды берди. Жапаров экономиканын долларлаштыруу масштабын төмөндөтүү, айыл чарба тармагына чет элдик валюталар менен берилген кредиттерди улуттук сомго которуу, накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу жана калктын банктык төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн накталай эмес эсептешүү формасына жеткизүү, өз учурунда валюта рыногундагы чайкоочулук иш-аракеттерге бөгөт коюу жана ажиотаждык суроо-талаптарга жол бербөө сунуштарын берди.

Жыйында улуттук валютанын курсун стабилдештирүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында сунушталып жаткан Жогорку Кеңештин токтом долбоору жактырылып, тармактык комитеттин жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан