Бүгүн, 5-декабрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Чүй облусунун акимдери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана фермерлер менен жыйын өткөрдү. Өкмөт башчы айыл чарбасын заманбап технологияларды пайдалануу ыкмасы аркылуу өнүктүү зарылдыгын белгилеп, Чүй облусу республикадагы алдынкы облустардын бири экенин айтты.
«Бирок анын мүмкүнчүлүгү толугу менен ачыла элек. Өкмөт төмөнкү пайыздык үстөк боюнча насыя берүүдө. Бул каражаттарды логистикалык борборлорду: күнөсканаларды, жашылча-жемиш сактоочу жайларды жана мал союучу жайларды ачууга пайдаланууга болот. Мен район акимдеринин алдына келерки жылы ар бир райондо жылына эки ирет түшүм алуу максатында эки-үчтɵн күнөскана ачуу милдетин коём. Бул жаатта каражаттар жетиштүү. “Айыл банк”, “РСК банк” жана Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду айыл чарба тармагын өнүктүрүү багытында насыяларды бөлүүгө даяр»,- деп билдирди Темир Сариев.
Анын айтымында, айыл чарбаны өнүктүрүү үчүн мүмкүндүк чоң, бирок дыйкандар дүйнөлүк практикада пайдаланылып жаткан технологияларды колдоно албай жатат. «Бүгүнкү күндө каражат колдо болгону менен, насыялоо үчүн тийиштүү долбоорлор жок болууда. Учурда фермерлерден 300-400 миллион сомго гана билдирүүлөр келип түштү, ал эми банктарда 75 миллиард сомго дейре каражат бар»,- деди премьер-министр.