Алмазбек Атамбаев "Гүнешли" деңиз платформасындагы 32 адамдын өмүрүн алган трагедияга байланыштуу Азербайжандын президентине көңүл айтты

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-декабрда "Гүнешли" деңиз платформасындагы трагедияга байланыштуу Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

“Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен кайрат айткан сөздөрүмдү, ошондой эле жабыр тарткандар тезирээк сакайып кетишин каалагандыгымды жеткирип коюуну өтүнөм”,- деп белгиленет мамлекет башчысынын телеграммасында.

Эскерте кетсек, 4-декабрь күнү Каспий деңизиндеги Азербайжандын "Гүнешли" мунай кенинде жардыруу болуп, 32 адам көз жумуп, 42 адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан