Депутат Рыскелди Момбеков "Социалдык фонд ишкерлерди шылтоолоп, өздөрүнө ыңгайлуу шарт түзүп жатат" деп билдирди Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин 7-декабрдагы отурумунда. Жыйында Социалдык фондго ишканалар социалдык төлөмдөрдү төлөбөгөн учурда банктык эсебинде акча болсо, ал акчаларды ишкананын макулдугу менен алып алуусуна макулдук берүүнү көздөгөн мыйзам долбоору талкууланып жаткан. Депутат Момбеков бул мыйзам долбооруна каршы чыкты. Анын билдиришинче, бул демилге чакан ишканалардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратат. Демилгеге башка депутаттар да каршы пикирлерди айтып чыгышып, мыйзам долбоорун четке кагышты.