Социалдык фонд социалдык төлөмдөрдү төкпөгөн ишканалардын акча каражаттарын соттун чечимисиз эле которуп алууну сунуш кылууда

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 7-декабрдагы отурумунда "КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" КРнын мыйзамынын долбоорун биринчи окууда карап жатат. Жыйында депутаттардын суроолоруна Социалдык фонддун өкүлү жооп берди. Анын билдиришинче, мыйзам долбоору ишканалар социалдык төлөмдөрдү төлөбөгөн учурда банктык эсебинде акча болсо, ал акчаларды ошол тараптын макулдугу менен алып алууну көздөйт. "Биз жөн эле алып албайбыз, ошол ишкананын макулдугу менен алабыз. Буга чейин сот аркылуу чечилип келген, сот аркылуу чечилгенде 2 жылга жакын убакыт кетет экен",- деди фонддун өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан