Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин 7-декабрдагы жыйынында "Согуштагы, Куралдуу күчтөрдөгү жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзамынын долбоору сунушталды. Бул боюнча "Баткен согушунун республикалык жоокерлеринин кеңеши" коомдук бирикмесинин төрагасы Сталбек Молдалиев баяндама жасады.
Молдалиев Баткен окуясында окко учкан 74 аскер адамынын үй-бүлөлөрүнө учурда 1000 сомдон жөлөк пул берилип келгенин айтып, бул каражатты 6 миң сомго көтөрүп берүүнү айтты. "Андан бери 15 жыл өттү. Ошол учурда жетим калган балдар окуу жайларга өтө албай аябай кыйналышты. Ошондуктан аларга берилүүчү жөлөк пулду 6 миң сомго көтөрүү керек. Бул демилге боюнча 10 миңден ашуун адамдын колу жыйналган",- деди Молдалиев.