Малайзия парламентинин спикери өлкөлөр ортосунда түз авиакаттам ачууга, туризм, банк тармагында кызматташтыкты күчөтүүгө аракет кыларын айтты

Жогорку Кеңештин вице-спикери Бакыт Эсенбаева баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы 1-4-декабрь күндөрү иш сапары менен Малайзияда болду. Делегациянын курамы: Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева, Жогорку Кеңештин депутаты Галина Скрипкина, президенттик аппараттын, Жогорку Кеңештин аппаратынын, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү жана башкалар.

Иш сапар соттук реформа тармагында Малайзиянын тажрыйбасын иликтөө боюнча БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорунун алкагында уюштурулду. Сапардын максаты - сот реформасын ишке ашыруу, мыйзамдарды иштетүүнү туура пландоо ыкмалары боюнча Малайзиянын тажрыйбасын үйрөнүү, Малайзиянын мамлекеттик органдары менен тыгыз байланыш түзүү. Үч күндүк сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги маанилүү жолугушуулар орун алды.

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин уюштуруусу менен 3-декабрда делегация Малайзиянын башкы прокурорунун орун басары Датук Азайлиз Бинти Мохамед Ахад менен жолугушуп, Ахад Башкы прокуратуранын түзүмү жана негизги функциялары тууралуу айтып берди.

Ушул эле күнү кыргыз делегациясы Малайзия өкмөтүнө караштуу Юридикалык жардам департаментинин директору Датук Хайни бин Хассан менен жолугушту. Департамент башчысы департаменттин түзүлүү тарыхы, анын башкы милдеттери тууралуу маалымат берди. Негизинен медиация кызматы (талаш жагдайларды жөнгө салуунун альтернативдүү ыкмасы) тууралуу пикир алышуу болгон. Кыргыз тарап медиациялык кызмат көрсөтүү кыргыз өлкөсүндө жаңыдан жанданып жатканын, бул жаатта Малайзиянын тажрыйбасын колдонуу пайдалуу болорун айтты.

Ушул эле күнү түштөн кийин Малайзия парламентинин имаратында делегацияны Малайзиянын Өкүлчүлүк палатасынын спикери Тан Сри Датук Сери Панглима Пандикар Амин Хажи кабыл алды. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов жана консул Куштарбек Шамшидов катышты.

Малайзия парламентинин спикери 2009-жылы Кыргыз Республикасына жасаган расмий сапары тууралуу маалымат берди.

Кыргыз мамлекети менен Малайзиянын ортосунда түз авиакаттам ачуу маселесин иликтөө, банк, туризм, эт экспорттоо тармагында кызматташуу боюнча малайзиялык ишкерлер менен Бишкекке пландалган иш сапары 2010-жылкы саясий баш аламандыктардан улам ишке ашпай калганын, эми Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы менен эки тараптуу байланыштарды бекемдөөгө кызыкдар экенин айтты.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Бакыт Эсенбаева 2010-жылдан бери өлкөдө саясий кырдаал өзгөргөнүн, жакында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо ийгиликтүү өткөнүн белгилейт.

Жолугушуунун аягында Малайзия парламентинин спикери Жогорку Кеңештин төрагасынын Малайзияга иш сапары менен келип кетүүсү үчүн расмий чакыруу жөнөтөрүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан