Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун жана аталган багыттагы жабдууларды өндүрүүнүн укуктук механизмдери иштелип чыгат

Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жер жана Суу кодекстерине, "КРнын табигый монополиялар жөнүндө", "Мамлекеттик статистика жөнүндө", "КРнын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" мыйзамдарга сунушталып жаткан кошумчаларды камтыган айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралды.

Өкмөт тарабынан демилгеленген бул мыйзам долбоору боюнча экономика министринин орун басары Айбек Калиев түшүндүрмө берди. Баяндамачынын айтымында, талкуудагы мыйзам долбоору колдонуудагы мыйзамдарды "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" мыйзамга шайкеш келтирүү максатын көздөйт. Ошого ылайык, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун жана аталган багыттагы жабдууларды өндүрүүнүн укуктук механизмдери иштелип чыкмакчы.

Талкууда депутат Мирлан Жээнчороев энергиянын альтернативдүү булактарын колдонуу багытында кабыл алынган мыйзам бар экендигин айтты. "Анын жетиштүү деңгээлде колго алынбай жатканына өкмөттүн бул багыттагы саясатынын жоктугу себеп болууда",- деп түшүндүрдү.

Тармактык комитеттин төрагасы Садык Шер-Нияз эгер жергиликтүү ишкерлер энергиянын кайра жаралуу булагына кирген энергия түрлөрүн иштеп чыга турган болсо, баа саясатында кандай мамиле жасаларын тактады. Ошондой эле ал Германия өлкөсүндө катардагы жарандар эле күн, шамал сыяктуу табигый булактардан өндүрүлгөн энергияларын мамлекетке сатуу мүмкүнчүлүктөрүн колдонушарын мисалга келтирди.

КРнын Жер кодексине киргизилген толуктоолор менен энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттер үчүн убактылуу колдонууга суу фондунун жерлеринен жеңилдетилген тартипте берүү чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерди укуктук жөнгө салуу каралат.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору комитеттин колдоосун таап, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитеттин кароосуна жолдонду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан