Мындан 40 жыл мурун иштеп баштаган Токтогул ГЭСи толук жаңыланат. Тийиштүү мыйзам долбоорун 7-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети талкуулап, жактырды.
Экономика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиевдин айтымында, 1975-жылы ишке киргизилген Токтогул ГЭСинде жакшыртуу жана жаңыртуу иштери жүргүзүлгөн эмес. “Ал өлкөнүн эң ири эң маанилүү электр станциясы болуп эсептелет. Өлкөдө иштелип чыккан электр кубатынын 40 пайызын өндүргөндүктөн, анын мааниси зор. Азыркы учурда Токтогул ГЭСинин жабдуулары толук эскиргендиктен, алмаштырууну талап кылууда”,- дейт Калиев.
Долбоорду каржылоонун көлөмү - 250 миллион доллар. Азия өнүктүрүү банкы 110 миллион доллар берет: мунун 44,5 миллион доллары - грант, 65,5 миллион доллары - жеңилдетилген насыя. Насыя 32 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен берилүүдө. 8 жылдык жеңилдетилген мөөнөт бүткөндөн кийин үстөк пайызы 1,5 пайыз болот.
Евразия өнүктүрүү банкы жеңилдетилген насыя түрүндө 20 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен 100 миллион доллар берүүдө. Кыргыз мамлекети кошо каржылоо үчүн салык жана алымдардан бошотуу түрүндө 40 миллион доллар кошууга тийиш.
Толугу менен калыбына келтирилгенден кийин ГЭСтин кубаттуулугунун 20 пайызга чейин өсүшү күтүлүүдө.