Биометрикалык паспортко өтүүнүн алкагында бардык жарандарга жаңы ПИН номер берүү сунушу каралууда. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев 7-декабрда Бишкекте өткөн тегерек столдо билдиргендей, биометрикалык маалымат топтоо кампаниясында экиден жеке идентификациялык номурга ээ 6 миң жаран белгилүү болду.
"Азыркы учурда бул ПИН номерлерди актуалдаштыруу иштери жүрүүдө. Мындан тышкары борбордук маалымат базасынан чыкпаган ушунча эле сандагы ПИН номерлер аныкталды. Бир эле ПИН номер кандайча эки же андан көп адамга берилип кеткенин изилдеп жатабыз. Эки айдын ичинде бул багыттагы иштер бүтөт. ПИН номерлерди берүү укугу Социалдык фонддон Мамлекеттик каттоо кызматына өтөт",- деди Сарпашев.
Мамкаттоо кызматынын жетекчиси учурда ПИН номурларды бир катар мамлекеттик органдар берерин, мындан ары жалгыз мекеме бериши керектигин белгиледи. Ошондо тартип орноп, мындан тышкары жарандардын баарына жаңы ПИНдер берилип, бир ПИНдин бир нече адамда жүрүшү жоголо турганы айтылды.