2015-жылдын декабрына карата республикалык бюджеттин жалпы ресурсунун планы 18 миллиард 975 миллион сом суммасында түзүлдү. Ресурстардын негизги бөлүгү 17 миллиард сом суммасындагы кирешелердин (салыктык кирешелер – 7,9 миллиард сом, салыктык эмес кирешелер – 8,6 миллиард сом, расмий трансферттер – 511 миллион сом) эсебинен камсыздалмакчы. Каржылык активдердин жана милдеттенмелердин эсебинен 1,9 миллиард сом түшөрү күтүлүүдө.
Каржы министрлигинин билдиришинче, декабрда республикалык бюджеттин чыгымы 9 миллиард 917 миллион сомду түзөт. Корголгон беренелерге (маяна, Социалдык фондго төгүмдөр, медикаменттер, тамак-аш азыктары, жөлөк пулдар, стипендиялар) 7 миллиард 641 миллион сом, корголбогон беренелерге (кызматтык сапарлар, ижара акысы, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, транспорт кызматтары, башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу) 973 миллион сом жумшоо пландалууда.