Кыргыз мамлекети менен Катар өлкөсүнүн ортосундагы Өкмөттөр аралык комиссиянын ишин кийинки жылы баштоо пландалып жатат

7-декабрда премьер-министр Темир Сариев Катардын Кыргыз Республикасындагы элчиси Мохамед бин Арар аль-Наимини кабыл алды.

Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Сариев Кыргыз Республикасы Катар өлкөсү менен кызматташтыкты активдештирүүгө кызыкдар экенин белгилеп, эки өлкөнүн Өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин баштоону тездетүү зарылдыгын жана Катар менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин ачыкка чыгарды.

Элчи өз өлкөсү Кыргыз Республикасы менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин маалымдап, соода-экономикалык тармактагы инвестициялык долбоорлорду талкуулоого даярдыгын билдирди. Ошондой эле Мохамед бин Арар аль-Наими Өкмөттөр аралык комиссиянын ишин кийинки жылы баштоо пландалып жатканын кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан