Президент катуу сабалып ооруканада жаткан Кадыр Маликовдун дарылануусуна 50 миң сом берди

7-декабрда Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров катуу сабалып ооруканада жаткан дин адиси Кадыр Маликовдун абалын көрдү. "Мамлекет сизди жана башка прогрессивдүү эксперттерди колдойт. Сиздин мындан ары да экстремизм жана терроризмдин идеяларына каршы күрөшүүгө көмөктөшө турганыңыздан үмүттөнөт. Президент тарабынан тийиштүү тапшырмалар берилди. Коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча биргелешип иштөөнү улантабыз",- деди Жумакадыров.

Коргоо кеңешинин катчысы окуядан кийин Маликовду күнү-түнү кайтарууга алуу тапшырмасы берилип, кылмышка шектүүлөр Түркиядан кармалганын белгиледи. Учурда аларды өлкөгө кайтарып алуу аракеттери жүрүп жатканы айтылды. Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан дин адисинин дарылануусуна 50 миң сом берилгени айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан