Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети акыйкатчы кызматына сунушталып жаткан 8 адамдын талапкерлигин жактырды. Жыйын учурунда талапкерлердин сүйлөөсү үчүн ар бирине убакыт берилип, андан кийин комитет алардын талапкерлигин жактырды. Ошондой эле маселени парламенттин жалпы кароосуна жиберүү чечими кабыл алынды.
Буга чейин аталган кызматка "Ата Мекен" фракциясы Гүлгаакы Мамасалиева, Бакыт Рыспеков жана Турсунбек Акундун, КСДП Гүлнара Жамгырчиеванын, "Өнүгүү-Прогресс" Мурат Жетимишбаевдин, "Республика-Ата Журт" Атыр Абдрахматованын, "Бир бол" Нурланбек Жээналиевдин, "Кыргызстан" фракциясы Канатбек Турганбековдун талапкерлигин көрсөткөн.