Евросоюз кыргыз мамлекетинин бюджетин колдоого 30 миллион евро бергени жатат

Евросоюз кыргыз мамлекетинин бюджетин колдоого 30 миллион евро бергени жатат. Тийиштүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин 7-декабрдагы жыйынында каралып, эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев маалымат берди.

Каражат "Секторду реформалоого келишим - Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо" программасынын алкагында берилип, 26 миллион евросу республикалык бюджетти колдоого, 4 миллион евросу аталган программаны ишке ашыруу үчүн техникалык жардамдарга жумшалмакчы. “Гранттардын берилгени жакшы, бирок анын алкагында милдеттендирилген талаптар турганын унутпайлы. Мисалы, гранттын алкагында балдар үйлөрүндөгү балдардын саны жылына 3 пайызга кыскартылышы керек деген норма бар. Анда ошол интернаттагы балдарды кайда алып барабыз?"- деп билдирди депутат Мирлан Жээнчороев.

Депутат Н.Никитенко балдар үйлөрүндөгү тарбиялануучуларды интернаттарда эмес, бара-бара үй-бүлөлүк шартта тарбиялаган туура болот деген сунушун ортого салды.

Программанын алкагында калктын аярлуу катмарынын, балдардын абалын жакшыртууга, балдарды коргоо жаатындагы социалдык реформаларды ишке ашырууга, жалпы эле калктын жакыр катмарлары үчүн социалдык жардамдардын даректүүлүгүн жогорулатууга көңүл буруларын айтышты демилгечилер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан