Алмазбек Атамбаев: "Мамлекеттүүлүктү бекемдөө, кооз табият, маданий жана рухий баалуулуктар телерадионун негизги темасы болушу керек"

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-декабрда телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

"Урматтуу Кыргыз Республикасынын телерадио кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Массалык маалымат каражаттарынын арасында телекөрсөтүү жана радио уктуруу өзгөчө орунга ээ, коомдук пикирге таасир этүүнүн эффективдүүлүгү жагынан айырмаланып турат. Баарыбыздын күнүбүз биздин бир күндүк маанайыбызды аныктоочу таңкы телеберүүлөрдү көрүү менен башталары кокустук эмес. Кыргыз мамлекетинин телеканалдарынын санариптик берүүгө өтүүсү менен маалыматтык мазмуну жана техникалык талаптары кыйла сапаттуу болуп калды.

Заманбап шартта телекөрүүчү менен радио угармандарынын талабы бир топ өстү. Алар жалпы билдирүүлөр жана лозунгдарга эмес, баарынан мурда алардын күнүмдүк суроо-талабын канааттандыра турган прагматикалык, пайдалуу көрсөтүүлөргө муктаж. Кыргыз мамлекети сөз эркиндигинин деңгээли боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында алдынкы орунда экени талашсыз. Биздин ММКлар чагылдырып, талкуулай албаган жабык тема жок. Жалпысынан сиздер эл менен бийликтин ортосунда көпүрө кызматын аркалап жатасыздар",- деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Президент мамлекеттүүлүктү бекемдөө, биримдикти жана улуттук ынтымакты бекемдөө, күчтүү, гүлдөп-өнүккөн Кыргыз Республикасын куруу, өлкөнүн керемет табияты, элдин мыкты каада-салттары - меймандостугу жана кең пейилдиги, уникалдуу маданий жана рухий баалуулуктары телерадио берүүлөрүнүн башкы темасы болушу керектигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан