Асылбек Жээнбеков телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Төраганын куттуктоо сөзү:

"Урматтуу телекөрсөтүү жана радио уктуруу кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – Телерадио кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Азыркы ааламдашуу доорунда, жаңы технологиялар өнүккөн заманда дүйнөнүн чар тарабында, анын ичинде өлкө аймактарында болуп жаткан окуялардан өз убагында кабардар болуп туруунун, маалымат алмашуунун мааниси улам артууда. Бул иште телекөрсөтүү менен радио уктуруу тармагынын ээлеген орду өзгөчө. Бүгүнкү заманды аларсыз элестетүү да эч мүмкүн эмес.

Ошондон улам жалпыга маалымдоо каражаттарынын көч башы саналган телерадио кызматкерлеринин алдына калкка ыкчам, так жана калыс маалымат жеткирүү боюнча жооптуу милдеттер, заманбап талаптар коюлууда. Биз, мыйзам чыгаруучулар, сиздердин мезгил менен тең кадам таштоо аракетиңиздерди ар дайым кубаттайбыз.

Мындан ары да мамлекеттик бийлик бутактарынын, анын ичинде кыргыз парламентинин ишин ырааттуу жана объективдүү чагылдыруу аркылуу алардын калктын калың катмары менен байланышын чыңдап, эл менен бийликтин ортосунда данакер болушуңуздарга тилектешмин.

Баарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр, чыгармачылык ийгилик каалайм!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан