Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү транспорттук долбоорлорду сапаттуу бүтүрүү тапшырмасын берди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 8-декабрда транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаевди кабыл алып, президентке транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде келечекте эл аралык транспорттук коридор боло турган, аймактар үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон автомобиль жолдорун куруу иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

Министр өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен Кыргыз Республикасы - Кытай темир жол курулушунун долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемелери иштелип жатканын, облус борборлорунда, шаарларда жана калктуу конуштарда ички жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатканын да айтты.

Алмазбек Атамбаев өлкөнүн транспорттук көз карандысыздыгын камсыздоодо республикалык жана эл аралык маанидеги транспорттук долбоорлорду өз учурунда жана сапаттуу бүтүрүү зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан