Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун ("Мегаком") учурдагы абалы жөнүндө маалымат угулду. Жыйында депутаттарга өкмөт алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Алмаз Кадыркулов маалымат берип, "Мегакомду" жеке менчикке сатуу керектигин айтып чыкты. Депутат Данияр Аттокуров "Мегакомду" сатып, анын ордуна жаңы компания түзүүнү демилгеледи. Ал эми депутат Кубанычбек Жумалиев бул демилгеге каршы чыкты. Анын пикиринде, иштеп жаткан компанияны сатып, анын ордуна өкмөт эч качан жаңы компанияны кура албайт. "Кирешелүү компанияны сатып жиберип, анын ордуна жаңысын эч качан кура албайсыз. Андан көрө "Мегакомду" өнүктүрүп кетүүгө жардам беришибиз керек",- деди Жумалиев.