Азат Базаркулов: “Мегаком” компаниясына элдин нааразычылыгы күчөп жатат"

“Мегаком” компаниясына элдин нааразычылыгы жылдан-жылга күчөп жатат",- деди аталган компаниянын башкы директору Азат Базаркулов Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында. Анын айтымында, компания атаандаштыкка туруштук бере албай калды.
"Керектүү жабдууларды алып келип орнотууга эле 6-7 ай кетип жатат. Бул жылы да, өткөн жылы да колдонуучулар тарабынан "байланыш начар болуп жатат" деген көптөгөн нааразычылыктар болгон. Анын үстүнө колдонуучулардын байланышты пайдаланбай, социалдык тармактар аркылуу сүйлөшүп жатышы компанияга зыян алып келүүдө",- деди Базаркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан