Кыргыз мамлекетинде 2015-жылдын 11 айында 46 537 түгөй баш кошуп, нике күбөлүгүн алышты. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын 11 айына салыштырмалуу 8260 түгөйгө көп. Мамлекеттик каттоо кызматынан 8-декабрда билдиришкендей, Ош облусунда 10 841 жуп, Жалал-Абад облусунда 9119 жуп, Чүй облусунда 6039 жуп, Ош шаарында 1914 жуп расмий түрдө баш кошушту.
Жыл башынан бери республика боюнча 7881 түгөй ажырашканы белгилүү болду.