Казакстандын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кириши боюнча келишимди тармактык комитеттин мүчөлөрү кароодон баш тартышууда

Өкмөт Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында Казакстандын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кириши боюнча келишимди карап берүүнү өтүнүп кайрылды. Бирок бул багыттагы документ өкмөт мүчөлөрүнүн колунда жок болгондуктан, депутаттар маселени кароодон баш тартышууда. Өкмөт өкүлдөрү 15-декабрда Казакстан ушул документтин негизинде Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирүү боюнча келишимдерге кол коё турганын айтышты. Депутат Дастан Бекешев өкмөт өкүлдөрүнө: "Силер китеп окубай туруп, анын эмнесин талкуулайсыңар? Кечирип койгула, бирок биз документ менен таанышып алган соң гана талкуулашыбыз керек",- деп кайрылды.

Өкмөт өкүлдөрү бул маселени башка комитеттер дароо карап, жактырып беришкенин айтып, комитет мүчөлөрүнөн макулдук берүүнү суранышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан