Акылбек Жапаров Казакстан кыргыз өлкөсүнөн өндүрүлгөн азык-түлүктөрдүн кайсы түрүн чек арадан өткөрбөй жатканы боюнча толук маалымат берүүнү талап калды

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Акылбек Жапаров Казакстан тарап Кыргыз Республикасы өндүргөн азык-түлүктөрдү чек арадан өткөрбөй койгон фактыларды айтып, кайсы азык-түлүктөр чек арадан өтпөй жатканын тизмектеп берүүнү өкмөттөн талап кылды. "Тууган" деп айта беребиз, бирок этти, сүттү чек арадан өткөрбөй келишет. Бизде ишканалар жабылат, анан саясий чыңалуу күчөп кетет. Баары кымбаттаса, биз ошол коңшу туугандарыбыздан сатып алууга мажбур болобуз",- деди депутат Жапаров.

Андан кийин комитет Казакстандын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кириши боюнча келишимди кароону күн тартибине киргизишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан