"Доллардын бир абалда сакталып туруусуна кепилдик жок. Доллардын курсу бир эле мезгилде дароо көтөрүлүп кетиши ыктымал",- деди Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде. Төрага буга психологиялык факторлор чоң түрткү берип жатканын белгиледи.
"Курс бирде көтөрүлүп кетсе, бирде бир орунда кармалууда. Учурда мүмкүн болушунча аракет кылып, бир деңгээлде кармап жатабыз. Мындан эки апта мурун коммерциялык банктардын бири "доллар түгөндү" деген маалыматты таратып жибергенде жарандар доллар сатып алууга аракет кылышты. Башкача айтканда, долларды сатып алып, кайра сатуу чоң бизнеске айланды. Айрымдар доллар дагы көтөрүлөт деп 1 долларды 79 сомдон сатып алышкан экен, кайра 76 сомдон сатууга аргасыз болушту",- деди Абдыгулов.