Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бүгүн, 8-декабрда Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун өкүлдөрү Камила Рахимова, Иалонта Чихоцка, Зульфия Көчөрбаева менен жолугушту.
Жогорку Кеңештин маалымат кызматына таянсак, өкүлдөр саясий партияларга аялдарды тартуунун механизмдерин иштеп чыгып, бир катар сунуштамалар даярдалгандыгын, бул багытта кызматташуу ниеттерин билдиришти.
Төрөбаев коомго пайда келтирүү максатын көздөгөн тараптар менен кызматташууга даярдыгын айтып, алгылыктуу демилгелерди колдой тургандыгын жана ал демилгелер натыйжа бериши керектиги маанилүү экенин белгиледи.
Мындан сырткары тараптар аймактардагы аялдардын ордун көтөрүү, аялдарды коомдук чечимдерди кабыл алуу жүрүмүнө тартуу жана мындан аркы кызматташуу формаларын талкуулашты.