Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 8-декабрда өткөн өкмөт жыйынында турак жай курууда анын сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Сариев акыркы күндөрү өлкө аймагында эки жолу жер титирөө катталганын билдирип, алардын биринин күчү Нарын облусундагы Миң-Куш айылында сезилгенин кабарлады. Буга байланыштуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов жер титирөөнүн күчү сезилген аймакка жөнөтүлгөнүн билдирди.
“Биздин жарандар турак жай курууда эң башкы көңүлдү анын коопсуздугуна жана сапатына бурушу керек. Ар бир жаран сак болсо, ар кыл кыйроолордун алдын алууга болот”,- деди өкмөт башчы.