Ош-Баткен-Исфана унаа жолундагы Көк-Талаа - Пүлгөн тилкесинин курулушу аяктап, министрликке өткөрүлүп берилди

2013-жылы курулушу башталган Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Көк-Талаа жана Пүлгөн айылдарын бириктерген тилкеси аягына чыкты. Узундугу 14,7 чакырымды түзгөн тилкеге жол белгилери коюлуп, эки катмардуу асфальт төшөлдү. Бул тууралуу 8-декабрда Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолду оңдоо иштери негизинен 2014-жылы бүткөн. Транспорт министрлиги менен долбоордун аткаруучусу кытайлык "ЧайнаРоуд энд Бридж. Корп." ишканасы түзгөн келишимге ылайык, жолдогу бир жыл аралыгында пайда болгон кемчиликтер аткаруучу компания тарабынан оңдолушу керек эле. Андан кийин гана министрлик оңдолгон жолду өткөрүп алмак. Мындан ары жогоруда көрсөтүлгөн тилке "Ош-Баткен-Исфана унаа жолу" башкармалыгы тарабынан тейленет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан