Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов 8-декабрда аталган өлкөнүн юстиция министри Бекир Боздаг менен жолугушту. Тараптар юридикалык тармакта эки жактуу кызматташтык, жарандык, коммерциялык жана кылмыш иштери боюнча юридикалык жардам жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу, кыргыз жарандары Түркияда кабылган көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланды.
Элчиликтен билдиришкендей, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Юстиция министрлигинин кызматкерлерин Түркиядан атайын курстан окутууну улантуу зарылдыгы белгиленди. Ибрагим Жунусов өлкөлөр ортосундагы достук мамилени эске алуу менен кыргыз жарандары Түркияда кыйынчылыкка кабылганда биргелешип кызматташуу керектигин айтат.