Аалы Карашев: "Өлкөнүн 19 шаарын таза суу менен камсыздоочу долбоорлор иштеп жатат"

Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевдин төрагалыгы менен 8-декабрда ичүүчү суу менен камсыздоо, бөлүштүрүү жана санитария тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча координациялык комиссиянын жыйыны өттү.

"Шаарлардын канализациясын куруу жана калыбына келтирүүдө Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы, Евросоюз олуттуу жардам көрсөтүүдө. Бүгүнкү күндө долбоор өзүнө 14 шаарды камтып, 173,1 миллион евро суммасында инвестиция тартылды",- деди Карашев.

Биринчи вице-премьер шаарларды жана айылдарды өнүктүрүүгө башка эл аралык уюмдар да көмөктөшүп жатканын кошумчалады. Алардын жардамы менен "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү", "Ош жана Жалал-Абад шаарларынын инфраструктурасын калыбына келтирүү үчүн чукул жардам" долбоорлору каржыланып жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан