Бишкекте 22 салык кызматкерине коррупция менен күрөшүү боюнча семинар өткөрүлдү

Мамлекеттик салык кызматында 8-декабрда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча семинар өттү. Семинарга аймактык салык органдарынын 22 кызматкери, коррупцияга каршы иштерди аткарууга жооптуу адамдар катышышканын билдиришти мекемеден.

Баяндамачылар коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө айтышып, коррупцияга каршы иштердин планын иштеп чыгуунун усулу менен тааныштырышты. Өкмөттүк аппараттын коррупцияга каршы саясат бөлүмүнүн башчысы Т.Саякбаев белгилегендей, коррупция менен күрөшүү – укук коргоо органдарынын артыкчылыктуу укугу, калган мамлекеттик органдардын милдеттери - коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу чараларынын топтомун ишке ашыруу.

Жасалган иштер жөнүндө калкка көбүрөөк маалымат жеткирүү жана жетишилген ийгиликтерди туруктуу чагылдырып туруу зарылдыгы белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан