Премьер-министр Темир Сариев автоунаалардын жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номурларын бекитүү жөнүндө буйрукка кол койду. Жазында унааларга жаңы номурлар бериле баштайт.
Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы номурлардын бир катар артыкчылыктары бардыгын билдирүүдө. "Негизги жаңычылдык - атайын шрифттердин колдонулушу. Бул шрифттер эл аралык стандарттарды эске алуу менен тандалды. Себеп - жасалма номур даярдоо аракеттерин токтотуу. Буга чейин "Р" шрифтин "R" кылып, "В" шрифтин "8" же "3", "О" шрифтин "Q" кылып жасап алуу оңой болчу. Жаңы шрифттерде мындай кылууга мүмкүн эмес",- деп айтылат маалыматта.
Буйрукка ылайык, бардык мамлекеттик органдардын жана юридикалык жактардын автоунааларына бирдей көрүнүштөгү номурлар берилет.
Белгилей кетсек, эски үлгүдөгү номурларды алмаштыруу шарт эмес. Ээси автоунааны сатканда гана эскиси чечилип, ордуна жаңы номурлар тагылмакчы.
Президенттин автоунаасына берилчү номур:
Катардагы жарандардын автоунааларына берилчү номур:
Катардагы жарандардын автоунааларына берилчү номур:
Бардык мамлекеттик органдардын жана юридикалык жактардын автоунааларына ушундай номур тагылат:
Бардык мамлекеттик органдардын жана юридикалык жактардын автоунааларына ушундай номур тагылат:
Сандын ордуна сөз жазылчу өзгөчө комбинациядагы номурдун үлгүсү:
Мотоцикл, прицеп жана атайын техникаларга тагылчу номур: